Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Улуттук тасма

УЛУТТУК ТАСМА – төмөнкү талаптарга жана шарттарга жооп берген тасма : эгер тасманын продюсеру – белгиленген тартипте КР аймагында катталган КР жараны же юридикалык жагы болсо; эгер тасманын авторлору – КР жарандары болсо; эгер тасманын тартуучу тобунун курамына (режиссер-коюучулары, оператор-коюучулары, операторлору, сүрөтчү-коюучулары, кийим-кече боюнча сүрөтчүлөрү, кураштыруучулары, башкы каармандарды ойноочу аткаруучу-актерлору) 30 пайыздан ашуун КР жарандыгына ээ эмес адамдар кирсе; эгер тасма мамлекеттик же КР башка элдеринин тилинде тартылса; эгер тасманы өндүрүү, нускалоо, прокаттоо жана көрсөтүү боюнча иштердин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмеси белгиленген тартипте КР аймагында катталган кинематография уюмдары тарабынан ишке ашырылса. У. т. катары ошондой эле КР тийиштүү эларалык келишим шарттарын сактаган учурларда чет өлкөлүк кинематография уюмдары менен биргелешип тартылган тасмалар да каралышы мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: